Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Болот Темиров: Журналисттерге басым күчөдү (ВИДЕОМАЕК)
04.03.2022 | 18:19
Журналисттерге биринин артынан бири кылмыш иштери козголуп, басым күчөдү. Бул туурасында иликтөөчү журналист Болот Темиров билдирди.
“Өлкөдө сөз эркиндигине кандай мамиле болуп жатканын сокур да болсо, көрүп жатат. Журналисттерге биринин артынан бири кылмыш иштери козголуп жатат. Бул журналисттерди коркутуп, оозун жабуу аракети. Бийлик жөнүндө жакшы нерселерди гана жазып, көрсөтүп, бирок жасаган кылмыштарын көрсөтпөшү үчүн болгон аракет деп билсек болот” – деди журналист.
Reporter.kg Болот Темировдон Next TVнын айланасындагы окуялар, өзүнүн иши кайсы нукта өнүгүп жатканын ж.б. кызыктуу жагдайларды сурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат