«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынды

Бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» биринчи саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары Сеул декларациясын кабыл алышты. Жолугушууга Кыргызстандын, Корея Республикасынын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты. Бул тууралуу КРдин президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Декларацияга ылайык, лидерлер «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитин эки жылда бир жолу өткөрүп турууну макулдашышты. Экинчи саммит 2028-жылы Астана шаарында өтөт. Саммиттер аралык мезгилде тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги форумдар жана министрлердин орун басарларынын деңгээлиндеги Улук кызмат адамдарынын жыйналышы мониторинг жүргүзүү жана күн тартибин даярдоо механизми катары иштейт.
Коопсуздук багытында тараптар Корея жарым аралында тынчтыкты камсыздоо, терроризмге, баңги жүгүртүүгө, киберкоркунучтарга жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүнү белгилешти. Мамлекет башчылары Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз зонанын маанисин белгилешти. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын кубатташты.
Экономика тармагында өнөр жай министрлеринин «С5+1» консультативдик механизмин түзүү жана өнөр жай менен жеткирүү чынжырлары боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документ критикалык минералдарды кайра иштетүү, энергетикалык ресурстарды жеткирүү, жаратылыш газын иштетүү, гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду камтыйт. Ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин өкмөттүк түзүмдөрүндө кореялык компанияларды колдоо боюнча бөлүмдөрдү (Korean Desk) түзүү жана бажы маселелеринде өз ара жардам көрсөтүү каралды.
Мындан тышкары, санариптик трансформация, жасалма интеллект боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча меморандумдарга кол коюлду. Экология багытында климат, энергияга өтүү жана абанын сапаты боюнча демилге (CETAQ) ишке киргизилип, токойлорду калыбына келтирүү жана сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча макулдашууларга жетишилди.
Гуманитардык чөйрөдө Корея менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү каралды. Ошондой эле Борбордук Азиядагы этникалык корейлердин («корё-сарам») аймакка көчүп келишинин 90 жылдыгы маанилүү окуя катары каралды. Ошондой эле аба каттамдарын көбөйтүү, билим берүү, студенттер менен алмашуу, кесиптик-техникалык окутуу жана мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу багыттары талкууланды.