Ботаникалык бакта сөгүнгөн адамга кайсы берене боюнча кылмыш иши ачылары айтылды

Ботаникалык бакта сөгүнгөн адамга кайсы берене боюнча кылмыш иши ачылары айтылды

Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адамга «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголот. Бул Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин анын сөздөрү боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, жакында анын жыйынтыгы чыккан. Ага ылайык анын айткандарында «улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар» деген корутунду берилген. Буга байланыштуу аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголот.

Эскерте кетсек, 25-майда социалдык тармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Бул факт Октябрь райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. 27-майда шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалганы кабарланган. Кармоо учурунда аталган жаран богооздонуп, сөгүнгөн. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Материалдар топтолуп, Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. Райондук соттун чечими менен аталган жаран 5 күнгө камакка алынган.

Ошондой эле, милиция аталган жарандын Ботаникалык бакта сүйлөгөн сөздөрү боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен шектүүнүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилерин кабарлаган.

Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам 5 күнгө камалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>