Айпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылууда
Британияда ички иштер министри болуп 47 жаштагы аял дайындалды
25.07.2019 | 16:07
Британияда 47 жаштагы Прити Пател Королдуктун ички иштер министри кызматына дайындалды
Прити Пател үчүн Британиянын өкүмөтү байырлаган Даунинг-стрит аймагы чоочун эмес. Буга чейин ал Британиянын Эл аралык өнүгүү министри болуп эмгектенген. 2017-жылы эмгек өргүүгө чыгып, үй бүлөсү менен Израилге жасаган сапары жаңжалга айланып, мунун арты менен кызматан кеткен. Кийин ачыкталгандай, эмгек өргүүсүндө жүрүп ал Израилдин бийлик жетекчилери, анын ичинен өкмөт башчысы менен өз алдынча жолугушкан.
Прити Пател 1972 жылы 29-майда Лондондо төрөлгөн. Анын ата-энеси Угандага Индиядан мигрант болуп барып, чарбачылыктын арты менен бутка турушкан. Кийин алар Британияга журт которушкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар