БШК шайлоо. Канча партия катышат жана алардын лидерлери кимдер?

БШК шайлоо. Канча партия катышат жана алардын лидерлери кимдер?

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төрт жылга созулат, алардын саны 45 депутат. Reporter.kg кайсы партиялар катышууга арыз бергенин жана аларды ким жетектеп жаткандыгын билүүнү чечти.

Учурда Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди:

«Кыргызстан Жашылдар Партиясы» — партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каржы полициясы кызматынын экс-төрагасы. 2008-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура Эркин Бөлөкбаевге карата экс-президент Курманбек Бакиевге акарат келтиргендиги үчүн Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. 2010-жылдын 13-апрелинде ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда акталып чыккан. Мындан тышкары, 2009-жылдын апрелинде ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан ага карата «Тополоң» жана «Улуттук, расалык, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда Бөлөкбаев УКМКнын СИЗОсуна камалган. 2010-жылы 9-апрелде Чүй облусунун Москва райондук соту аны актаган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдөр — Мырзаболот Мырсаканов, Феруза Ниязова.

«Ыйман Нуру» – саясий партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков. Ал мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри. Буга чейин ал Президенттин Администрациясында этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген. Нуржигит Кадырбеков ырчы Курал Чокоевди «Маданияттын отличниги» төш белгисинен ажыраткандан кийин чыккан ызы-чуу менен эсте калды. Эске сала кетсек, Курал Чокоев өзүнүн YouTube каналында «В пи**у звезду» тамашалуу шоусун баштаган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Нурбек Эркабаев, Айнура Акматова.

«Эмгек» – саясий партиясынын лидери Ырысбек Мааткабылов Кыргызстандагы белгилүү спорт ишмерлеринин бири. Ал Кыргыз Республикасынын УОКунун вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясынын ардактуу президенти, меценат, «Умай-Нур» коомдук кайрымдуулук фондунун президенти жана негиздөөчүсү. Буга чейин ал Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы, ошондой эле борбор калаанын мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал эки жолу БШКнын депутаты болуп шайланган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдөр — Мээрим Өмүралиева, Максат Узюров.

«Бүтүн Кыргызстан» – саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров. Ал үч жолу президенттикке талапкер болгон. 2011-жылдагы шайлоодо ал 14% добуш менен экинчи орунга чыккан. Андан кийин Алмазбек Атамбаевге утулуп калган. 2017-жылы 6% менен Сооронбай Жээнбековго утулуп, үчүнчү орунду ээлеген. 2021-жылы — 6% менен экинчи орун Садыр Жапаровго утулуп калган. Буга чейин ал Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп иштеген. 2013 — 2015-жылдары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.

Ыйгарым укуктуу өкүлдөр — Салык Топбаев, Мирлан Полотов.

«Легалдаштыруу» — партиясынын лидери Элдар Мадылбеков — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу. 2013-жылы ага иш козголуп, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. 2013-жылы 25-июнда соттун чечими менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

«Ата Мекен» – саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты. 2017-жылы ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар берүү жөнүндө берген көрсөтмөсүнүн негизинде 8 жылга кесилген. 2019-жылы Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын өзгөртүп, Өмүрбек Текебаевди бошоткон. Бүгүнкү күндө шаардык сот Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү жараксыз деп тапты, акыркы сөз Жогорку Сотто.

«Социал-демократтар» — партиянын лидери Темирлан Султанбеков. 2017-жылдан бери Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү. Мындан тышкары, ал Экономика жогорку мектебинин (Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектеби) ассистент. 12-декабрда, 5-9-октябрь күндөрү Бишкекте болгон башаламандыктардын алкагында, ал эки айга — 10-декабрга чейин камакка алынып, бирок эки күндөн кийин Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өкмөттө иштөөдөн баш тартып, бирок өз ыктыяры менен анын кеңешчиси болууга макул болгон.

«Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы» — партиянын лидери Артур Медетбеков. Ал генерал-майор, УКМКнын төрагасынын экс-биринчи орун басары. Ошондой эле антитеррордук-Альфа ардагерлер уюмунун төрагасы.

«Улуу Журт» — партиянын лидери, Кыргызстан Эл аралык Жаштар Ассамблеясынын өкүлү Тумарбек Камалов. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр — Талас Шерикбай уулу, Гулиза Карабаева.

«Патриот» — партиянын лидери Б.А.Абилдаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>