Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кара-Балтада чет элдикти тоноого шектелген жаран кармалды
14.10.2024 | 10:32
Чүйдүн Кара-Балта шаарында чет элдикти тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 10-октябрда болжол менен саат 19:30да Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүндөгү «Семёрочка» дүкөнүндө белгисиз жаран 37 жаштагы чет элдикке (И.Н.) күч колдонуп, 26 миң сомдук «Нокиа» телефонун, 29 миң 420 сом акчасы салынган капчыгын тартып алган.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция билдиргендей, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 27 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан «Нокиа» телефону жана акча салынган капчык табылып алынган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө иштери уланууда.
