Бутунан ажыраган чек арачыга батирдин ачкычы тапшырылды

Бутунан ажыраган чек арачыга батирдин ачкычы тапшырылды

УКМКнын төрагасы Камчыьек Ташиев бүгүн, 16-сентябрда былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда Ташиев Тажикстандын кол салуусу учурунда эрдик көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, ал өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгилеген. Ташиев куралдуу кагылышка катышкан баатырлардын эрдигин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалаган.

Белгилүү болгондой, Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый бөлүгүнөн айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесине майда темирдин сыныктары тийген. Учурда Шарипов уул тарбиялап, ата-энеси менен бирге жашайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>