Бүгүн Бишкекте дүйнөлүк рейтингдик мелдеш башталат

01.06.2023 | 09:00

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш башталат.

Белгилүү болгондой, мелдеш 1-4-июнда «Бишкек-Арена» муз аянтчасында өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 500дөн ашык спортчу катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандан атынан рейтингдик мелдешке 46 балбан катышат.

Мелдештин программасы:

1-июнь – Грек-рим күрөшү;

2-июнь – Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү;

3-июнь – Кыз-келиндер жана эркин күрөш;

4-июнь – Эркин күрөш.

Беттештер күн сайын саат 10:30да башталат. Ал эми финалдык таймаштар 18:00до.

Бул мелдеште байгелүү орундарга илинген балбандарга медаль жана рейтингдик упайлардан тышкары, акчалай сыйлык берилет.

Акчалай сыйлыктар:

1-орун — 1500 швейцариялык франк (145 миң сом)

2-орун — 750 швейцариялык франк (72 миң сом)

3-орун — 500 швейцариялык франк (48 миң сом)

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top