Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөштү

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөштү

19-майда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефондон сүйлөштү.

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы анда эки тараптуу мамилелер, салттуу достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланганын билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык кызматташтык активдешип, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулаганын белгилешти.

Чек ара маселеси, сооданы көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү багытындагы макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды.

Өзбекстанда 2016-жылы президенттикке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин ага чейин сууп кеткен кыргыз-өзбек мамилеси жанданган.

Ушу тапта кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча аракеттер жүрүүдө. 17-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов эки өлкөнүн чек ара тилкесинде жолугушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>