Бүгүн Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы башталат

Бүгүн Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы башталат

Бүгүн, 16-августта Ош шаарында «Бий искусствосу-2023» аттуу бийчилердин эл аралык фестивалы башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалдын катышуучулары бүгүн Ош шаарына келген. Бийчилер менен Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жолугушуп, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген өнөрпоздорго чыгармачылык ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирген.

Мэриядан билдиришкендей, фестиваль бүгүн саат 18:30да Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында башталат. Иш-чарага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат. Ага чейин, саат 17:30да борбордук аянттан театрга чейин музыканын коштоосунда бийчилердин жөө жүрүшү болот.

Фестиваль 19-августта жыйынтыкталат.

Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>