Ошто уулу атасын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Ошто уулу атасын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы

Ош шаарында өз атасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда 14-августта болгон. 41 жаштагы жаран (Х.А.) пикир келишпестиктен улам 68 жаштагы атасын көкүрөккө жана колдоруна бич нече жолу бычак сайып жиберген. Алган жараатынан улам атасы окуя болгон жерде жан берген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүу) боюнча кылмыш иши ачылган. Тиешелүү соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери шектүүнү документтерин алып, таксиге отуруп качып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда кармаган.

Маркум Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда жашаган, 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп иштеген. Анын кылмышка шектүү катары кармалган уулу 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, ата-баланын ортосундагы чыр маркумдун уулунан жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылган сөздөрүнөн улам чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>