Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Быйыл 6 айда Кыргызстанга 327,6 млн сомго сыра импорттолгон
30.08.2023 | 13:03
Кыргызстанга сыра 13 өлкөдөн импорттолот. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, быйыл январь-июнь айларында өлкөгө жалпысынан 327 млн 609,7 миң сомго 3 млн 879 миң 48 литр сыра импорттолгон.
Көпчүлүк сыра Орусиядан (221 млн 221,2 миң сомго 2 млн 854 миң 532,4 литр) жана Казакстандан (66 млн 187,3 миң сомго 757 миң 680,7 литр) сатып алынган.
Мындан тышкары Кыргызстанга сыра Грузия, Мексика, Литва, Латвия, Германия, Чехия, Бельгия, Ирландия, Нидерланд, Швеция жана Улуу Британиядан келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз