Кыргызстанда алгач ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Кыргызстанда алгач ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров өлкөдө алгач ирет бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барган. Жапаров ички органдарын алмаштырган бейтаптарды көрүп, ал-акыбалынан кабар алган.

Оорукананын жетекчилигинын айтымында, алар ички органдарды алмаштыруу боюнча операцияларды толук кандуу жасай баштады. Аталган операцияны жасоо үчүн квалификациялуу дарыгерлер тартылып, бейтапканасында заманбап медициналык жабдыктар бар.

Түркиядан 140 медициналык адис Кыргызстанга келген. Алар бул жакта эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерге ички органдарды алмаштыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт. Түркиялык адистер өлкөдөн кеткенден кийин кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Жапаровдун айтымында, мурда кыргызстандыктар бөйрөк алмаштыруу үчүн чет өлкөгө чыгып, 50-60 миң долларга операция жасатып келсе, эмес Кыргызстандын өзүндө 10 миң долларга жакын акчага операция боло алат. Аны менен бирге чет элдик жарандар да Кыргызстанга келип операция жасата алат.

Садыр Жапаров билдиргендей, учурда Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Жыл ичинде бюджеттен 2,5 млрд сом жумшалат. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоого мүмкүндүк түзүлүп, бул бюджеттик каражаттарды башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>