Быйыл 9 айда милиция 33,5 миң кылмыштын 54,9%ынын бетин ачкан

Быйыл 9 айда милиция 33,5 миң кылмыштын 54,9%ынын бетин ачкан

Бүгүн, 3-ноябрда ИИМде ички иштер органдарынын быйыл 9 ай ичинде аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жетекчилигиг алдында өткөн. Отурумда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, ички иштер органдары өлкө боюнча кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын алдын алууда жана мыйзамдуулукту орнотууга багытталган иш-чараларды толугу менен аткарып жаткандыгын билдирди.

«Кыргыз милициясынын тарыхында бүгүнкүдөгүдөй шарттар түзүлгөн эмес. Функционалдык милдеттер чыңдалып, ченемдик укуктук багыттагы ишмердик кеңейтилип, бекемделди. Бирок ага карабастан өзүнүн милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбай, түзүп берген шарттарды толук түрдө пайдаланбай же өздүк курамдын таалим-тарбиясын жана кадр сапатын жогорулатууга аракеттерди көрбөй, ишмердикти уюштурбай, күнүмдүк иштер менен алектенип, көзгө көрүмдүү иш алып барбай жаткан жетекчилер арабызда дагы да бар. Биз бардыгыбыз коомдук тартипти сактоодо эл ишенимин актоо багытында ишмердүүлүгүбүздү мыйзам чегинде жогорку деңгээлде аткарышыбыз керек», — деди Бийбосунов.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9 айында жалпы укук коргоо органдары тарабынан 35 миң 450 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 33 миң 536 кылмыш ишти ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы өлкө боюнча козголгон кылмыштардын 94,6%ын түздү. Ички иштер органдары тарабынан тергелген кылмыштардын 54,9%ынын бети ачылган.

«Ошондой эле, Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын тогуз ай ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтер менен кемчиликтерге токтолуп жана криминалдык абалга кеңири талдоо жүргүзүп, ишмердүүлүктү  чыңдоо багытында бир катар негизги багыттарды белгилеп, кемчиликтерди тез арада жоюу керектигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>