Милиция эки аялы бар жарандын жубайларынын бири арыз жазмайынча иш козгобойт

Милиция эки аялы бар жарандын жубайларынын бири арыз жазмайынча иш козгобойт

Милиция эки аялы бар жарандын жубайларынын бири арыз жазмайын чара көрбөйт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алардын айтымында, Кылмыш-жаза кодексиндеги жоопкерчилик эки аял менен нике расмий катталган учурда гана каралат.

Эскерте кетсек, 31-октябрда соцтармактарга Бишкекте 60 жылдык мааракесин берген жарандын эки аялы бар экени коомчулукка билинип, эл арасында кызуу талкууга алынган.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесине (Эки жана андан көп аял алуу) ылайык Кыргызстанда эркектин эки жана андан көп аял менен чогуу жашоосуна тыюу салынат. Ал үчүн 100-300 саатка коомдук иштерге же 1-3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сомго чейин айып салуу жазасы каралган.

2017-жылы маркум экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялы боюнча билдирүүсү коомдо катуу талкууланып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атайын текшерүү дагы жүргүзгөн.

Мыйзам бузуу. Бишкекте эки аялы бар кишинин тою өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>