Милиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калдыНазарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайтБишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө
Кыргыз дизайнердин көйнөгүн “Дүйнө сулуусу” сынагында казак кызы кийип чыгат
03.11.2023 | 13:05
“Дүйнө сулуусу” сынагына Казакстандан катышуучу Томирис Заирге кыргыз дизайнери Арзубек Аманов көйнөк тикти.
Аны Томирис Заир сынактын “улуттук кийимдер” бөлүгүндө кийип чыкмакчы.
Арзубек Аманов көйнөктү казак ханышасы Томиристин кийимдерине окшоштурага аракет кылганын белгилейт.
““Дүйнө сулуусу” – дизайнер үчүн өзүнүн таланттын көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мен баш кийимди өзгөчө кылып, Казакстандын символу болгон бүркүткө басым жасадым. Бир ай иштеп, мыкты образ жараттым”, – дейт дизайнер.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Томирис Заир – “Казакстандын сулуусу -2023” сынагынын жеңүүчүсү.
Сынак Эль-Сальвадор мамлекетинде өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом