Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» Пакистандын премьер-министри менен жолугуштуМаматалиев: Жер сатылат деген маалыматты тараткандардын арасында депутаттар да болгон«Акырындык менен, шашпастан»: Путин ШКУнун кеңейиши тууралууКыргызстан көкпар боюнча биринчи оюнда Монголияны 12:1 эсебинде талкаладыКыргызстан Мисир өлкөсү менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көздөөдөТаластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттоло баштады
Эми жарандар тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзө алышат
15.05.2026 | 16:07

Өлкө башчы Садыр Жапаров жарандарды ден соолугун ызы-чуунун таасиринен коргоого багытталган мыйзамга кол койду. Мыйзам Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө», «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган. Анда төмөнкү негизги өзгөртүүлөр каралган:
- Ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу боюнча иштерди кароо жана жаза берүү укугу берилди.
- Тынчтыкты бузуу фактысын тастыктаган актылар укук бузуу жөнүндө иш боюнча далил деп эсептелет.
- Коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдарга жана жарандарга тынчтыкты бузуу фактысы боюнча акт түзүү укугу берилди. Түзүлгөн акт фото же видео жазуулар менен бирге протокол түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга берилет. Тынчтыкты бузуулардын алдын алууга объект ээлери, көп батирлүү үйлөрдү башкаруучулар жана кварталдык комитеттер катыша алат.
- Тынчтыкты жана бейпилдикти бузган аракеттердин катарына белгиленген убакыт аралыгында корголуучу аймактарда курулуш иштерин жүргүзүү да киргизилди.
Мындан тышкары мыйзамдын жоболору Жаңы жыл майрамы учурунда, тактап айтканда 31-декабрда саат 22:00дөн 1-январь саат 03:00гө чейин, ошондой эле мамлекеттик майрам күндөрү саат 22:00дөн 03:00гө чейинки убакыт аралыгында колдонулбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом