CAFA NATIONS CUP: Кыргызстан Иранга утулду, эми 3-орун үчүн ойнойт

CAFA NATIONS CUP: Кыргызстан Иранга утулду, эми 3-орун үчүн ойнойт

Кечээ, 16-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Кыргызстан Ирандын курамасына утулду.

Беттеш 1:5 эсебинде Ирандын жеңиши менен аяктады. Кыргызстандын эсебиндеги жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизди.

Кечээ Бишкекте болгон оюндан кийин CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында «В» тайпасындагы курамалардын оюндары аяктады. Жыйынтыгында «В» тайпасында 6 упай менен 1-орунду ээлеген Иран мелдештин жеңүүчүсү болууга ат салышат. Финалдык беттештер Ташкентте өтөт. Ал эми бир утуш жана бир утулуш менен 2-орунду алган Кыргызстан коло байге үчүн ойной турган болду. Ал оюн 20-июнда Ташкенте өтөт.  Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Ооганстандын курамасын 1:0 эсебинде уткан.

Белгилүү болгондой, CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинде курамалар «А» жана «В» тайпаларына бөлүнүп, Ташкент жана Бишкекте оюн өткөрдү. «А» тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстан бар. Алардын жыйынтыктоочу беттештери бүгүн, 17-июнда болуп өтөт. Учурда тайпада Өзбекстан 6 упай менен биринчи орунда турат. Ал эки оюндун жыйынтыгы менен эле финалда ойноого мүмкүндүк алган. Калган командалардын кимиси экинчи орунду ээлеп, үчүнчү орун үчүн ат салышары бүгүнкү беттештен кийин белгилүү болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>