АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чек ара: Тажикстан Баткен шаарын ракеталык система менен аткылады
16.09.2022 | 14:21
Тажикстан Баткен шаарынын четин жана аэропортунун аймактарын жапырт аткылоочу ракета системалары менен аткылады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
“Баткен шаарындагы жарандык инфраструктура объекттери талкаланды”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш уланууда.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом