Тажикстан жай тургундарды «тирүү» калкан катары колдонууда

Тажикстан жай тургундарды «тирүү» калкан катары колдонууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Тажикстан чек ара аймагында жашаган тургундарды да колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Тажикстан тарап жай тургундарды «тирүү» калкан катары пайдаланууда.

«Тажикстан тараптан куралдуу кагылышка эч бир белгиси жок кийим кийген, кайсы бир аскердик түзүмгө таандык экендигин айырмалоого болбогон адамдар катышууда», — деп айтылат маалыматта.

Чек арада катуу кармаш уланууда, каршылаш тараптын кол салуусун токтотуусу үчүн керектүү курал-жарак жана техника колдонулууда.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болууда. Акыркы абал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>