Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Чек ара чырында жабыркагандардын саны 189 адамга жетти
04.05.2021 | 12:14
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун саны 36 адамга жетти.
“Ооруканаларда 100 адам дарыналууда. Буга чейин Бишкекке 59 жабырлануучу жеткирилген. Баткен облусундагы бейтапканаларда 41 киши жатат, калгандары амбулатордук түрдө дарылануусун улантууда. Учурда дары-дармектер жетиштүү санда”, – деди Солтонбекова.
Ошондой эле Баткенде 81 медкызматкер, 20 психолог иштеп жатканын белгилеп, алар облуста 11-майга чейин болорун жана 15 ыктыярчы барганын айтты.