Мамбетжунус Абылов камакта калтырылды

Мамбетжунус Абылов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча комитетинин координатору Мамбетжунус Абыловдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча жактоочунун арызын карады.

28-октябрда Мамбетжунус Абылов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин борбордогу СИЗО-1ге камакка алынган.

Сот жактоочунун арызын канааттандырган жок. Райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>