Чек ара жаңжалы: Электр жарыгы качан берилээри айтылды

Чек ара жаңжалы: Электр жарыгы качан берилээри айтылды

Баткен облусундагы Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз айылдарында электр жарыктары чек ара кызматынын уруксааты менен гана калыбына келтирилет. Бул туурасында Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айылдарда электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик чек ара кызматынан уруксат алуу керек. Уруксат берилсе гана кыска убакытта калыбына келтирилет, адистер өз ишин баштоого даяр турат.

«Ош Электр» ишканасынын басма сөз кызматы чек арадагы кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калганын билдирген. Баткен райондук электр тармактарына караштуу Самаркандек көмөкчү чордонундагы Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп кеткен.

Тажикстан менен жаңжал болгон айылдарда электр жарыгы жок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>