Чек ара жаңжалы: Тургундар кооптуу аймактардан чыгарылды

Чек ара жаңжалы: Тургундар кооптуу аймактардан чыгарылды

Бүгүн, 28-январь саат 01:30да ӨКМдин Баткен облусу боюнча бардык бөлүмдөрү Чогулуу командачылыгына толук тартылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, бардык иштер өзгөчө кырдаал режиминде жүргүзүлүүдө.

Учурда чатырлар, ысык тамак жана ичүүчү суу, медициналык жардам жана эвакуациялоо үчүн транспорттун саны жетиштүү.

Баткен шаарында эвакуацияланган калк үчүн 600 кишиге ылайыкташкан алты убактылуу жай ачылды.

Учурда 1470 жергиликтүү тургун эвакуацияланып, анын 1200ү тааныштары жана туугандарына жайгаштырылды. Калктын бир бөлүгү Маргун, Рават айылдарына жана Баткен шаарына көчүрүлгөн.

Убактылуу жайгаштыруу борборлоруна 270 адам жайгаштырылып, анын 104ү аялдар, 19у эркектер жана 147си балдар. Эвакуациялангандардын бардыгы керектүү нерселер менен камсыздалган.

Медицина кызматкерлери убактылуу жайгаштыруу пункттарында тынымсыз көзөмөл жүргүзүүдө. Баткен облустук ооруканасы да 24 саат бою иштеп, керектүү адистер жана дары-дармектер менен камсыздалган.

Баткен районундагы стратегиялык объектилер электр энергиясын камсыздоочу автономдуу булактар менен жабдылган.

Калкты эвакуациялоо үчүн 23 техника – КамАЗ, куткаруучу унаалар жана спринтер тартылган.

Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 104 кызматкери тартылган. Мындан сырткары, ӨКМден 5 тонна АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана 4 тонна дизель майын эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майлоочу май бөлүнгөн. Ошондой эле 10 орундуу 25 даана, 30 орундуу 3 даана чатырлар даярдалды.

Баткен облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампаларында керектүү көлөмдөгү төшөнчүлөр, тамак-аш, ичүүчү суу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук тартипти сактоо органдары жана калк менен абдан тыгыз иш алып барат.

Эл аралык Кызыл Жарым Ай уюму олуттуу жардам көрсөтүп, 450 литр дизель майын бөлүп берген.

Баткен облусу боюнча Ыкчам штаб абалды саат сайын көзөмөлдөп, кырдаалдын өзгөрүшүнө жана жардам сурап кайрылууларга ыкчам чара көрүүдө.

Эвакуациялоодо калктын жогорку жарандык активдүүлүгүн белгилейбиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо үчүн бардык зарыл болгон күчтөр жана каражаттар бар.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күнү-түнү иштеген, анын ичинде Баткен облусу боюнча көп каналдуу бирдиктүү телефон номери 112.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>