Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Баткен: Төрт-Көчө аймагында жолдор ачылды (ВИДЕО)
28.01.2022 | 10:37
Баткендеги жаңжал чыккан Орто-Боз айылындагы Төрт-Көчө аймагында жолдор ачылып, унаалар каттап жатат. Социалдык тармакта тарап жаткан видеодо жаран кадимки режимде иштеп жатканын кабарлады. Ал эми бул маалыматты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы да тастыктады.
27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан. Эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугуп, жаңжал чыккан аймакка келген. Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат