Президент Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

Президент Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат.

«Кыргызстан Cиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жапаров кыргыз-кытай мамилелеринин абалынын эң жогорку деңгээлине, атап айтканда соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык байланыштардын жана башка тармактардын чыңдалышына канааттануу менен басым жасап, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чындап эле ынак коңшулук, достук мамилелердин айкын далили экенин билдирген.

Өз кезегинде Ду Дэвэн КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын айтты.

«Элчи көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ду Дэвэн билдиргендей, бул сыйлык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошууга жана мындан да көп берилүү менен иштөөгө шыктандырат.

Ал кытай тарап Кыргызстан менен мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген.

«Кыргызстан Кытай үчүн — жакшы кошуна, жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш.  Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бардык тармактарда өнүктүрүүгө дайым даярбыз», — деп кошумчалады элчи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>