Чек арадагы кагылыш: Каза болгон ӨКМ кызматкери ким экени айтылды

Чек арадагы кагылыш: Каза болгон ӨКМ кызматкери ким экени айтылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта баскынчылардын огунан каза тапкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери 35 жаштагы лейтенант Айбек Ысманов болгон. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой ал 2010-жылдан бери министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп келе жаткан. Ал өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы болгон.

Айбек Ысманов 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапкан.

Анын артында 3 уулу, жубайы калды.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куралдуу кагылыш учурунда алардын бир кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирген.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан тараптан куралдуу кагылыштын айынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Ал эми жараат алгандар 129 кишини түзөт.

Бештен балдары калды. Чек арадагы жаңжалда эки аскер каза тапты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>