«Арам ойлуулар, бузукулар болду». Президент чет элдиктерге каршы митинг боюнча билдирүү жасады

«Арам ойлуулар, бузукулар болду». Президент чет элдиктерге каршы митинг боюнча билдирүү жасады

17-майдан 18-майга караган түнү Бишкек шаарында болгон окуяны кызыктуу тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, чагымчыл күчтөр колуна курал алып, митингге чыккан жаштарды колдонууга даяр турду.

«Блогер сымал жана ниети бузуктар элдин арасында даяр турушкан. Андай бузукуларды биздин патриот жаштар билген жок. Эгер аларга күч колдонуу менен таркатсак, анда чагымчыл күчтөр «элди кордоду» деп масштабдуу көтөрүлүш жасаганга даяр турган. Андыктан жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү буйругун берип турдум», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин пикиринде, алар — «бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын вотсап группаларды тузуп алып, билдирүүлөрдү таркаткан».

Садыр Жапаров коомду мындан ары чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, эскертүү берди.

«Мындан ары окуя кайталанса, күч органдары биринчи мүнөттөн баштап эле күч менен таркатат. Кудайга шүгүр укук коргоо органдары мурдагыдай алсыз эмес», — дейт президент.

Ал аталган окуянын чыгышына укук коргоо органдарынын дагы  айыбы бар экенин белгилейт.

«13-майдагы окуя иликтенип жаткан мезгилде, аны 18-майда интернетке жүктөп, чагымчыл посттор, чакырыктар болду», — деп белгилейт.

Садыр Жапаров мыйзамсыз миграцияга каршы иштер жүрүп жатканын билдирди. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын эмгек күчүнө муктаждыгын айтты.

«Кыргызстанга карай мигранттар агылары түшүбүзгө дагы кирген эмес. Арзан жумушка биздин жарандар барбай жатат. Учурда 6300 жумуш орду бош турат. Алдыда дагы ири долбоорлор ишке кирет. Бул иштерге мекендештер барып иштебегендикен ишкерлер чет өлкөдөн чакырып жатышат. Эгер алар келбей калса, анда ишканалар банкрот болот, иши токтойт», — дейт өлкө башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>