Чолпон-Атада «Ала-Тоо симфониясы» биринчи жайкы мектеби ачылды

Чолпон-Атада «Ала-Тоо симфониясы» биринчи жайкы мектеби ачылды

Чолпон-Атада Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен «Ала-Тоо симфониясы» биринчи жайкы чыгармачыл мектеби салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага министр Алтынбек Максутов, биринчи айым Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган коноктор, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери катышты.

Иш-чараны министр Алтынбек Максутов ачып, Гнесин атындагы Россия музыка академиясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан чыгармачылык иш-чара эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөөгө өбөлгө болоорун баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Ала-Тоо симфониясы» жайкы чыгармачылык мектеби – бул уникалдуу долбоор. Республиканын окуу жайларынан катышып жаткан мектептин окуучулары Россиянын музыка академиясынын алдыңкы профессорлорунан сабак алууга мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан, маданиятты үзгүлтүксүз колдоого алган Айгүл Жапаровага жана Россиянын Гнесин атындагы музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган өкүлдөргө ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Андан соң, көрүүчүлөргө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин жана Россиядан келген бир катар опера ырчыларынын аткаруусундагы классикалык чыгармалар тартууланды.

Эске салсак, иш-чара 25-июлда «Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда уланып, алгачкы жолу көгүлтүр көл жээгинде П.Чайковскийдин «Ак- куу көлү» балети ачык асман алдында тартууланат.

Ал эми, 25-29-июль күндөрү жайкы мектепке катышкан музыкалык мектептердин окуучулары фортепиано, скрипка, кларнет, жеке ырдоо, хор менен ырдоо адистиктери боюнча Россия музыка академиясынын окутуучуларынын лекцияларын угушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>