ИИМ жарандарды интернет алдамчыларынан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды интернет алдамчыларынан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды интернет алдамчыларынан сак болууга чакырат.  Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

Учурда алдамчылар интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табууда жана бул барган сайын кучагын кенен жайууда.  Интернет алдамчылары дал ушул нерсеге таянып, жаңы курмандыктарды издешет. Социалдык тармактарда жарнамалык кампанияга жамынып, элдин көңүлүн буруу максатында алдамчылык аракеттер жасалууда. Ошол эле маалда алдамчылар өздөрүнүн жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин, бизнес өкүлдөрүнүн фото жана видеолорун колдонушууда.

«Белгисиз адамдар социалдык тармактарда, өзгөчө Telegram мессенджеринде кирешелүү делген инвестициялык долбоорлорду жарнамалап, аларды салым кошууга көндүрүп, убакытты жана күч-аракетти коротпостон акча которууну жана үзгүлтүксүз киреше алууну сунушташат. Бирок, аны табуу же кошкон салымды кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга чакырат. Учурда киберкылмышкерлер алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп табышууда. Алдамчылар өздөрүнүн курмандыктарын туш келди тандап алышат. Ошондуктан жарандар ыңгайсыз абалга дуушар болуп калбашы үчүн кыраакылыгын жоготпой, этият болушу керек», — деп эскертилет маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>