Чолпон-Атадагы кырсыктан 7 адам жабыркады, арасында наристе бар

Чолпон-Атадагы кырсыктан 7 адам жабыркады, арасында наристе бар

Ысык-Көл районунда жол кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алды, арасында наристе бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык Балыкчы —Чолпон-Ата —Каракол унаа жолунун 89-чакырымында катталган. Анда “Mercedes-Benz” жана “Volkswagen Vento” үлгүсүндөгү жеңил аналары кагылышып, кырсыктын кесепетинен 7 киши ар кандай жеңил жаракат алышкан.

Жабыркагандар: 2 эркек киши – 1993-жылы туулган О.К., 1983-жылы туулган Э.М., 2 аял – 1981-жылы туулган С.С., 1994-жылы туулган О.А., 2007-жылы туулган О.К аттуу кыз, 2010-жылы туулган О.А., аттуу бала жана 2020-жылы туулган О.Б., аттуу кичинекей бала.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы жабыркагандарды оорканагага алып кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>