Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Ысык-Көлдөгү жол кырсык 4 адамдын өмүрүн алды
10.06.2022 | 10:35
Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан 4 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсык 9-июнда Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 98-чакырымында (Комсомол айылы) катталып, “Volvo” менен “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унаалары кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 4 адам (3 эркек жана 1 аял киши) каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом