Баш аламандыкка чакырык жасаганга шектелген жаран боюнча жаңы фактылар аныкталды — ИИМИран Каспий деңизиндеги кемеге жасалган сокку үчүн Киевге жооп кайтарарын эскерттиКараколдо айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган турак үй сүрдүрүлдү — кылмыш иши козголдуСоң-Көлдөн 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор табылдыПутин Орусияда мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдарга кол койду«Кыргызстандын ЖОЖдору КРСУдан үлгү алышы керек» — Маматалиев «Жаштык Аренадагы» бүтүрүү кечеси тууралуу
Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
27.01.2022 | 09:00
Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районундагы Мурас Ордо жаңы конушунун тургуну 23-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эртеси, 24-январда айланма жолдогу каналдын көпүрөсүнүн астынан аялдын буюмдары табылган. Кийинки эки күндө издөө иштери улантылып, натыйжа чыккан эмес.
Бүгүн Аламүдүн районунун No1-КБКнын куткаруучулары каналдан аялдын сөөгүн табышты. ӨКМдин кызматкерлери сөөктү суудан чыгарышып, маркумдун жакындарына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом