ИИМ Түркияга 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү

ИИМ Түркияга 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Түркияга 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Гуманитардык жардамдын ичинде, жууркандар, уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), чатырлар, жылыткычтар бар.

Ошондой эле, ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Ички иштер министри Түркияда катталган жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалаган.

«Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын.

Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын», — деди ал.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 17 миң 674 киши каза таап, 72 миң 879 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>