Чүй облусунда көрүстөндөрдөгү темир тосмолор уурдалууда

Чүй облусунда көрүстөндөрдөгү темир тосмолор уурдалууда

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери жарандар социалдык тармактарга Чүй облусунун аймагында жайгашкан көрүстөндөрдө белгисиз адамдар вандализм аракеттерин жасап жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү активдүү жарыялоодо.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын башынан бери Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан көрүстөндөрдөгү тосмолор талкаланып, уурдалып кеткен фактылар боюнча төрт материал катталган.

Окуя болгон жерди кароодо, ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдү сурамжылоодо 4 фактынын 3 фактысында уурулук же кандайдыр бир материалдык пайда алуу максатында темир тосмолорду уурдоо аракети бар экендиги аныкталган. Дагы бир факты, белгилүү болгондой, уурулук же вандализм менен байланышы жок. Ново-Покровка айылында катталган темир тосмолор эстеликтерди алмаштыруу жана орнотуу иштерине катышкан сөөк коюу кызматтарынын кызматкерлери тарабынан алынганы аныкталган.

Учурда бардык катталган фактылар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү адамдарды кармоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөрдүн чөйрөсү түзүлүп, металл сыныктары текшерилүүдө.

Маалым болгондой, Чүй облусунун аймагында бардык көрүстөндөр тосулган эмес, кароолчулар жок, ушундан пайдаланып, темир тосмолорду уурдап кетишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>