Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы көбөйдү

Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы көбөйдү

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 миллиард 147,22 миллион долларды түздү, деп жазат Каржы министрлиги.

Жыл ичинде республика мамлекеттик карызды 221,41 миллион долларга көбөйткөн, бул негизинен ички карыздын 144,3 миллион долларга көбөйүшү менен шартталган, ал 852,64 миллион долларды же декабрдын аягында 72,3 миллиард сомду түзгөн. Бул аралыкта тышкы карыз 77,12 миллион долларга көбөйүп, 4 миллиард 294,57 миллион долларга жетти.

Тышкы карыз Кыргызстандын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкынын алдындагы милдеттенмелеринин жогорулашынан улам өскөн.

Ошол эле учурда бир катар кредиторлорго, анын ичинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине, KfW банкына (Германия), Кореянын Экспорттук-импорттук банкына, ЭВФке, Европа Биримдигине, ЕБРРге жана башкаларга болгон карыз азайган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>