Чүй: Сокулукта унаа оңдоочу жай менен кошо унаалар күйдү

26.07.2022 | 23:04

Сокулук районуна караштуу Эркин-Тоо конушунун Э. Иманалиев көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (ТТС) 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана “Мерседес бенз спринтер” үлгүсүндөгү 2 унаа толук күйүп, өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жерине Бишкек шаардык №6 бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:49да өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 20:39да толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка караганда жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

[image_carousel source=”media: 145848,145847,145846″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”] 

 

Scroll to Top