Чүй: Сокулукта унаа оңдоочу жай менен кошо унаалар күйдү

Чүй: Сокулукта унаа оңдоочу жай менен кошо унаалар күйдү

Сокулук районуна караштуу Эркин-Тоо конушунун Э. Иманалиев көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (ТТС) 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана «Мерседес бенз спринтер” үлгүсүндөгү 2 унаа толук күйүп, өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жерине Бишкек шаардык №6 бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:49да өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 20:39да толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка караганда жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>