Министр жарылып кетүү коркунучундагы көлдөргө барды

Министр жарылып кетүү коркунучундагы көлдөргө барды

23-24-25-июль күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан тоо көлдөрдүн бирине адистер менен биргеликте көзөмөл жүргүзүүгө катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда жарылып кетүү кооптуулугу жогору болгон тоо көлдөрү бар. Мындай тоо көлдөрү 3200 метрден 4500 метр бийиктикте жайгашып, күн ысып тоо башындагы мөңгү, кар ээригенде алардын суусу көбөйөт.

Өлкө аймагында жарылып кетүү коркунучундагы ар кандай көлөмдөгү 368 тоо көл бар.  Анын 74ү кооптуулугу 1-2-категорияга кирген. Чүйдө 24, Ысык-Көлдө 36, Таласта 1, Баткенде 3, Ошто 3, Нарында 8.  Алсак, Нарындагы 8 тоо көлүнүн экөө 1-категорияда болсо, алтоо 2-категорияда деп бааланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>