Чүйдө 34 тонна жүгөрү алып, акчасын бербей кеткен жаран кармалды

Чүйдө 34 тонна жүгөрү алып, акчасын бербей кеткен жаран кармалды

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2-февралда бир аял милицияга кайрылган. Анын айтымында, 1994-жылы туулган Ш.Б., андан 34 тонна 840 килограмм жүгөрү данын (бир килограммы 16 сомдон) бөлүп-бөлүп сатып алган. Ал 50 миң сом өлчөмүндө аванс калтырып, 24-январга чейин 507 миң 440 сом төлөп берүүнү убада кылган. Бирок, ал изин жашырып кеткен.

Бул факты Чүй РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ш.Б. арызданган аялдан жүгөрүнүн килограммын 16 сомдон сатып алып, кайра арзаныраак саткан.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ш.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>