Депутат Шайлообек Атазов чет өлкөгө чыгып кеткенинин себебин айтты

Депутат Шайлообек Атазов чет өлкөгө чыгып кеткенинин себебин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  учурда Түркияда дарыланууда. Бул тууралуу ал Фесбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жүрөгүнө атайын медициналык апараттар орнотулгандыктан, акыркы 4 күндөн бери телефонду колдрнуп, байланышка чыга алган эмес. Ошондой эле, ал кесиптеши Айбек Осмонов экөө өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деген маалыматты четке какты.

«Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып, мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй-бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден-соолуктан ким саясат жасап жатат?», — деп жазды депутат.

Ошондой эле, Шайлообек Атазов дарылануу курсу аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келерин билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Айбек Осмонов менен дагы бир депутат Шайлообек Атазов өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>