Чүйдө аял киши 6,1 млн сом уурдап, өзүнө Toyota Camry сатып алган (видео)

Чүйдө аял киши 6,1 млн сом уурдап, өзүнө Toyota Camry сатып алган (видео)

Чүйдүн Сокулук районунда аял киши ири өлчөмдө акча жана зер буюмдарды уурдап, акчанын бир бөлүгүнө Toyota Camry унаасын сатып алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрда саат 18:00дон түнкү саат 02:00дор арасында Восточная айылынын тургунунун үйүнө уурулар кирип, 2 млн сом, 4 млн рубль, 5,5 миң доллар акча (жалпы 6 млн 168,6 миң сом) жана зер буюмдарды уурдап кеткен. Уурулук тууралуу билгенден кийин үй ээси 16-октябрда Сокулук райондук милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

17-октябрда милиция шектүү катары 39 жаштагы М.А. аттуу аялды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, тергөө амалдары учурунда аял киши өз ыктыяры менен зер буюмдарды, акчанын бир бөлүгүн өткөрүп берген. Акчанын бир бөлүгүнө 2016-жылы чыккан Toyota Camry унаасын сатып алганын билдирген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>