Вице-мэр Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланат

Вице-мэр Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланат

Бишкек шаарынын пландык кеңешмесинде  мэриянын үч жооптуу жетекчисине сөгүш жарыяланары эскертилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге муниципалитеттен билдиришти.

Жыйында бюджеттик пландын аткарылышы талкууланды. Анда салыктык эмес кирешелер боюнча үчүнчү кварталдын тапшырмасы 34 пайызга аткарбаган жетекчилерге – биринчи вице-мэр  Мирланбек Байгончоковго, вице-мэр Нурдан Орунтаевге, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулуга эскертүү берилди.

«Эгерде сиздер жыл аягына чейин киреше боюнча планды аткарбасаңыздар, сөгүш берүүнү карайбыз», — деди калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров.

Эскерте кетсек, Нурдан Орунтаев шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы жүргүзүлгөн аракетинен улам, сынга кабылып келет.

24-майда Нурдан Орунтаев милиция жана муниципалитеттин кызматкерлери менен бирге Жалдагы «Батуми» кафесин бузган.

Андан кийин кафенин ээлери чиновниктин иши мыйзамсыз экенин айтып УКМКга кайрылган. 25-майда бузулган кафеге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.

26-майда Орунтаевге жана мэриянын башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Вице-мэр кафени буздурганы үчүн «Батуминин» ээлерине 3 млн сомдон ашык зыянды төлөп берери айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>