Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылды

Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз—тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мааалымат кызматы билдирди.

Топографиялык жумушчу топ 13,98 чакырым тилке боюнча макулдашты.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын узундугу 970 чакырым. Кыргызстан менен Тажикстандын 400 чакырымга жакын жер боюнча талашы бир нече жылга созулуп келе жатат.

8-октябрда өкмөттөр аралык комиссия 43,32 чакырым боюнча бир бүтүмгө келгени маалымдалган.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга каршы аймактык дооматтардан баш тартууга чакырган. Андан кийин Баткенде жолугушуу өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчылары  №44 протоколго кол коюшту. Протоколдун мазмуну жана кайсы талаш тилкелер боюнча макулдашууга жетишкени айтылбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>