Чүйдө баңгилаборатория табылды

Чүйдө баңгилаборатория табылды

Чүй облусунда баңгилаборатория аныкталып, 30 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат алынды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 26-декабрда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүүдө Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча баңгилаборатория табылган, анда 1998-жылы туулган Т.Т., 1995-жылы туулган У. Б., 1974-жылы туулган А.Р., аттуу жаран кармалып, тинтүү учурунда алардын синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү (синтез) менен алектенгени аныкталды.

Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 30 килограммдан ашык болгон, мындан тышкары: көлөмү 20 литр болгон 140 даана канистр, көлөмү 30 литр болгон суюк түрдөгү белгисиз химиялык заты бар 12 даана канистр, синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн реактор, “нутч фильтр” (химиялык реактивдерди суусуздандыруу үчүн, атайын аба чыпкасы 5 даана, тараза, жеке химиялык коргонуу каражаттары, даяр продукцияны фасовкалоо жана таңгактоо үчүн материалдар ж. б.) табылып, алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн психотроптук заттарды сатуудан эл аралык баңгисиндикаттын баасы 180 млн сомдон ашыкты же 2 млн 68 миң 965 АКШ долларын түзмөк.

Белгилей кетсек, мындай нерсе көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>