Альпинист Кубатов жетектеген топ “Комсомол” чокусуна чыкты  

Альпинист Кубатов жетектеген топ “Комсомол” чокусуна чыкты  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу борборундагы тоо куткаруучулар тобунан турган кошуун «Альпиниада – 2023» иш-чарасын коштоп барышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-апрелден 1-майга чейин уюштурулган эл аралык салттуу алпиниада «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз альпинисти Эдуард Кубатовдун жетекчилиги менен өттү.

4170 метр бийиктиктеги “Комсомол” чокусуна 700дөн ашык калоочулар жана альпинисттер чыгып, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аталган борбордун “Эдельвейс” куткаруучулар кошууну коштоп жүрүштү.

Тоого чыгуу учурунда куткаруучулар жабыр тарткан эс алуучуларга алгачкы жардамдарын көрсөтүштү. Нөөмөтчү топко артериалдык кан басымы жогорулагандар жана түшүп кеткендер, тоо-таштан буту-колун оорутуп алгандар жана башка оорулар менен кайрылышкан, жалпысынан 21 адамды тоодон түшүрүштү.

Иш-чаранын соңунда өлкөнүн Альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жана катышуучулар “Эдельвейс” куткаруучулар кошуунуна ыраазычылыктарын билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>