Тилектештик оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын алды — видео

Тилектештик оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын алды — видео

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын медаль алышты.

Финалдык беттеште Тыныбекова гвинеялык балбан менен күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты. Муну менен Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү болду.

Ал эми Эрназар Акматалиев алтын үчүн кармашта ирандык балбанды утту.

Учурда аталган оюндарда Кыргызстандын капчыгында 4 медаль бар: 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло. Аларды күрөш боюнча балбандар алды.

Айсулуу Тыныбекованын кармашы

Эрназар Акматалиевдин беттеши

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>