Ташиевге болушуп, мушташып кете жаздаган: Мандаттан ажыраган эки депутат тууралууу эмне белгилүү?

Ташиевге болушуп, мушташып кете жаздаган: Мандаттан ажыраган эки депутат тууралууу эмне белгилүү?

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыратты. Аталган депутаттар жасалма диплом алууга шектелип жатканы боюнча материалдарды УКМК 2022-жылдын апрель айында БШКга берген.

Арадан бир жылдан ашык убакыт өтүп, Борбордук шайлоо комиссиясы Исмаилов менен Алимжановду эл өкүлү деген наамынан ажыратты. Эми алардын депутаттык мандаты боюнча маселеге сот чекит коет.

Reporter.kg эки депутат тууралуу айрым маалыматтарды топтоду.

Фархат Исмаилов

Фархат Исмаилов Жогорку Кеңешке бийликчил делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шайланып келген.

Исмаиловдун Жогорку Кеңештин жыйынында президентти мактап, «Садыр Жапаровго каршы сүйлөө, Күндү карап таш менен урганга барабар» деп айтканы бар. Былтыр 26-октябрдагы парламенттик жыйында Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып жаткан автивисттердин кармалышы боюнча маалымат угуу маселеси көтөрүлгөн. Анда депутат Адахан Мадумаров маалымат угуу боюнча өз сунушун айткан. Андан кийин Фархат Исмаилов Мадумаров пиар жасап жатканын билдирип, 30 жылда Садыр Жапаровдой эч ким иштебегенин айткан.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, Күндү карап таш менен урганга барабар, ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн. Биздин өлкө башчыдай эч ким 30 жылда жакшы иштерди алып барган эмес. Күчтүү куралдарды алып келип жатат. Сиз (Адахан Мадумаровго — ред.) 30 жылда бир кыш алып келген эмессиз», — деген ал.

Арадан бир ай өтүп-өтпөй, 17-ноябрдагы жыйында Исмаилов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге болушуп, кесиптеши Өмүрбек Бакиров менен мушташып кете жаздаган. Жыйында кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып, эки өлкө ортосундагы келишим ратификацияланмак.

Сессияда депутат Өмүрбек Бакиров Камчыбек Ташиевге суроо берип жатып, алар кайым айтыша кеткен. Ал ортодо Фархат Исмаилов Ташиевге болушуп, Өмүрбек Бакировго жулунган. Эки депутат аз жерден мушташып кете жаздаган. Бирок аларды кесиптештери арачалап калган.

Белгилүү болгондой, бул Фархат Исмаилов Жогорку Кеңеште мушташ чыгарайын деген биринчи окуя эмес. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, биринчи окуя 2022-жылдын сентябрь айынын аягында болгон. Анда ким менен ким мушташып кете жаздаганы так белгилүү эмес. Себеби чыр чыккан жыйын жабык өткөн. Жыйында УКМК башчысы депутаттарга Калашников автоматтарын алып келгенин Адахан Мадумаров айтып чыккан. Анда автоматтардын бири менен жыйындар залынан чыккан депутат Жусупбек Коргонбай уулун журналисттер сүрөткө тартып алган.

Исмаиловдун өмүр баянына келсек, ал 1983-жылы 16-майда Ош шаарында туулган. 2000-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктаган.

Өзү тууралуу 2000-2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит факультетин аяктаганын билдирген. Бирок Билим берүү министрлигин комиссиясы ал аталган окуу жайда окубаганын кабарлады.

Ошондой эле Исмаиловдун маалыматы боюнча, ал 2012-2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык факультетин (магистр) бүтүргөн. Эми анын бул окуу жайдан алган дипломун жараксыз деп табуу чечими чыкты.

Исмаилов 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. 2011-2013-жылдары Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

2013-жылдан 2021-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген. Ал эми, 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Фарходбек Алимжанов

Мандатынан ажыраган экинчи депутат Фарходбек Алимжанов 1988-жылы 3-мартта Ош шаарында  туулган.

Алимжановдун маалыматы боюнча, ал 2016-жылы Ош мамлекеттик университетин «Экономика» багыты боюнча аяктаган. Билим берүү министрлигин комиссиясы билдиргендей, Алимжановго аталган окуу жайдын диплому мыйзам бузуу менен берилген. Себеби, сынак тапшыруу мезгилинде ал чет жердү жүргөнү аныкталган. Андыктан министрлик тарабынан анын аталган окуу жайдан жана Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча алган диплому жараксыз деп табылган.

Депутат 2006-2008-жылдары «Бакай-Юг» ТД ЖЧКсынын менеджери, 2008-2013-жылдары директору, 2013-2017-жылдары «Ак-Кайын» ​​ЖАКнын директору, 2016-жылы «Айбек Алимжанов» коомдук кайрымдуулук фондунун директору болгон.

2021-жылдын аягында «Альянс» партиясынан Жогорку Кенештин 7-чакырылышынын депутаты болгон. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Видео: Эки депутат мандаттан кол үздү. Алардын ордуна ким келет?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>