ТИМ Түркиядагы зилзаладан КР жараны каза болду деген маалымат боюнча үн катты

ТИМ Түркиядагы зилзаладан КР жараны каза болду деген маалымат боюнча үн катты

Бүгүн, 10-февраль саат 12:00го карата Түркиядагы жер титирөөдөн Кыргызстандын жараны каза болгону тууралуу ММКларга чыккан маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда кыргызстандык жаран жашаган жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Азырынча ал менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Окуя жеринде Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун жетекчиси жана кызматкерлери иштешүүдө. Бул маселе аяр иш болгондугуна байланыштуу ММКны такталбаган маалыматты таратуудан карманууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин ММКларда Түркиядагы жер титирөөдөн Хатай провинциясында Кыргызстандын 36 жаштагы М.Б. аттуу жараны каза болгондугу тууралуу маалымат чыккан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 17 миң 674 киши каза таап, 72 миң 879 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>