Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Чүйдө 68 жаштагы апасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды
23.05.2023 | 17:08
Чүй облусунда апасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-майда милицияга Искра айылында өз үйүндө киши колдуу болгон 68 жаштагы аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул фактыгы байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары маркумдун 46 жаштагы Ф.М. аттуу уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө учурунда аныкталгандай, шектүү мас абалында апасын уруп, анын айынан ал көз жумган.
Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз